ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Алгачкы эки талапкер катышууга арыз берди

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга арыздар түшө баштады.

БШКдан билдиришкендей, №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү менен талапкер Алимберди Бегматовдон арыз келип түшкѳн. Ал 1983-жылы туулган. КР чек ара коомунун жетекчиси.

Ал эми №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү менен талапкер Ганишер Бадаловдон арыз келип түшкѳн. Ал 1971-жылы туулган, жеке ишкер.

Эскерте кетсек, КР президенти аталган эки бир мандаттуу шайлоо округудары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди каттоо 26-мартта аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий