• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстанда барымтага алынган кыргызстандыктар кыйноого кабылган. КР Акыйкатчысы күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылууда

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. КР Акыйкатчысы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин жана кыйноолорду документтештирүү боюнча кызматкерлерди сынга алды.

Омбудсмендин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда Тажикстан тарабынан барымтага алынып, кыйноолорго жана катаал мамилеге туш болгон Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматтар тарап жатат.

«Омбудсмен аппараты Стамбул протоколуна ылайык, медициналык кызматкерлердин кыйноолорду жана башка адамкерчиликсиз, катаал же кадыр-баркты басмырлаган мамилени же жазалоону документтештирүү боюнча аракетсиздигине таң калгандыгын билдирет», - деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 7-майында омбудсмен аппараты КР Саламаттык сактоо министрлигине биздин өлкөнүн көрсөтүлгөн жарандарынын жана аскер кызматкерлеринин (кыйноо жана башка катаал мамилелер жана жазалар) денесинен жабыркаганын документтештирүүнү камсыздоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу тууралуу кат жөнөттү.

"Мындан тышкары, КР омбудсмен институту адам укугун бузууга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылат", - деп белгилейт аппараттан.

Эскерте кетсек, КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин сакталышын туруктуу негизде парламенттик көзөмөл жүргүзүүчү институт болуп саналат.

КР Конституциясына жана эл аралык укуктук принциптерге ылайык, эч ким кыйноолорго жана башка адамкерчиликсиз, катаал жана кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоолорго тартылбашы керек.

Маалымат үчүн: Стамбул протоколу натыйжалуу юридикалык жана медициналык иликтөө жүргүзүү үчүн айкын жетекчилик принциптерди жана кыйноолор жана айыптоолор, сот же башка тергөө органдарына отчет берүү үчүн атайын көрсөтмөлөрдү камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий