• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте Хан Манас кубогу үчүн дзюдо боюнча IX эл аралык турнир өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бишкекте Хан Манас кубогу үчүн дзюдо боюнча IX эл аралык турнир өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 27-28-апрель күндөрү "Газпром" дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында 2004-2006-жылдары туулган уландар жана кыздар арасында өтөт.

Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген спортчулар катышат.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти күрөш спорту боюнча ОРАБӨСМ, КР Улуттук дзюдо федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий