• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштыруу боюнча пландуу жумуштарды өткөрүүгө байланыштуу 24-апрелден 25-апрелге чейин БЧЧК, Чугуев көчөсү, Чернышевский көчөсү, Алма-Ата көчөсү, Проскуряков көчөсү, Набережная көчөсү, «Куликовский» кондитердик цехи менен чектешкен аймакта газ өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий