• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сочи, Краснодар, Мурманск шаарларында консулдук иш сапарлар жүргүзүлөт – элчилик

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-декабрынан 18-декабрына чейин Сочи жана Краснодар шаарларында, ошондой эле 2022-жылдын 23-декабрынан 25-декабрына чейин Мурманск шаарында Кыргызстандын жарандарын тейлөө максатында консулдук иш сапарлар жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Консулдук иш сапарлардын алкагында КР паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн алууга/алмаштырууга, консулдук каттоого турууга, КР жарандыгына таандык экендигин аныктоого арыздар кабыл алынат, ошондой эле Россиянын пенитенциардык мекемелериндеги КР жарандарына баруу ишке ашырылат.

Краснодар крайында жарандарды кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Краснодар ш., Кызыл партизандар көч., №34 үй, 4-кабат; Сочи ш., Адлер району, Киров көчөсү, №6 үй; Мурманск ш., Капитан Орликов көчөсү 2а, 2-кабат.

Краснодар крайында кабыл алууга байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: +7 988 245 43 02 (Николай Ткачев – КРнын Краснодардагы Ардактуу консулунун жардамчысы) жана +7 988 286 51 20 (Айкан Аргынбаева – Сочидеги кыргыз диаспорасынын лидери). + 7 931 555 53 30 (Торокулов Фарход Сабиржонович, Мурманск шаарындагы "Ата-Журт" Кыргыз маданий борборунун төрагасы).

Элчилик мекендештерден Краснодар крайында жана Мурманск облусунда жашаган туугандарына жана досторуна Россиянын бул шаарларына пландалган консулдук сапарлар тууралуу маалымдоого көмөк көрсөтүүнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий