• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкек мэриясы “Манас таануу” телетаймашынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева КТРКдагы "Манас таануу" интеллектуалдык телетаймашынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Манас таануу" телетаймашы 11 жылдан бери ийгиликтүү өтүп келе жатат. Жылына 13 миңден ашуун мектеп окуучусу катышса, быйылкы жылы жалпы республика боюнча 21 миң мектеп окуучусу катышкан.

Белгилей кетсек, шаардык таймаштан өткөн мыкты топтор республикалык баскычта Бишкек шаарынын намысын коргойт. Шаар боюнча төрт райондун ичинен 60ка жакын мектептин окуучулары катышып, алардын арасынан беш топ суурулуп чыккан:

Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1 жалпы орто билим берүү мектебинин “Биримдик” тобу:

Алтын Карагулова (№1 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими);

Нагима Акматбекова (10-а класс);

Алия Асекова (10-а класс);

Аяна Дайырбекова (9-а класс).

№ 66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия окуу-тарбия комплексинин “Ибарат” тобу:

Бакыт Самүдүнов (№ 66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия окуу-тарбия комплексинин “Манас таануу” ийриминин жетекчиси);

Бермет Мээримбек кызы (9-в класс);

Мадина Манакбаева (10-б класс);

Адинай Камчыбекова (10-б класс).

Бишкек шаарынын жалпы орто билим берүү №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин “Туйгун” тобу:

Төркүнбү Турусбекова (“№20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин” кыргыз тили жана адабияты мугалими);

Адинай Карагулова (9-б класс);

Акылай Абдыкалыкова (8-а класс).

№35 жалпы билим берүү орто мектебинин “Ак Мончок” тобу:

Асел Замирбек кызы (№35 жалпы билим берүү орто мектебинин “Манас таануу” ийриминин жетекчиси);

Диана Нурбекова (7-б класс);

Узарбек Анарбеков (6-б класс);

Анжелика Жакыпекова (9-б класс).

№86 жалпы орто билим берүү мектебинин “Кырк Чилтен” тобу:

Орозгүл Атанова (№86 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими);

Седеп Мазалбекова (8-а класс);

Айназик Каптагаева (8-в класс);

Береке Апазова (8-в класс).

Пикир

Оставить комментарий