• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте казактын классик акыны Магжан Жумабаевге арналган иш-чара өтөт

Коом 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда И.Арабаев атындагы окуу жайда “Казактын кашкөй акыны – Магжан Жумабаев” аттуу эл аралык иш-чара өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Казакстандын КРдеги элчилиги биргелешип өткөрүүдө.

“Адабий-музыкалык иш-чарага Казакстан жана Түркиядан келген атайын делегациялардын катышуусу күтүлүүдө. Айрым өлкөлөрдүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери да чакырылган”,-деп айтылат маалыматта.

2018-жыл ТҮРКСОЙ тарабынан казактын классик акыны Магжан Жумабаев жылы деп жарыяланган. Бул чечим акындын 125 жылдык мааракесине карата кабыл алынган.

Иш-чара бүгүн, 17-майда И.Арабаев атындагы КМУнун чоң залында саат 14:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий