• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бакунун бир көчөсүнө Айтматовдун атын ыйгаруу сунушу менен Президент И.Алиевге кайрылуу кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов “Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусу” аттуу бул иш-чара Азербайжанда жашаган жазуучунун жакын досторунун эскерүү кечеси”, – деп белгиледи.

Алтынбек Мамаюсупов иш-чара ТҮРКПА катчылыгы менен Ч.Айтматовдун жакын досу Анар Рзаев төрагалык кылган Азербайжан Жазуучулары бирикмеси уюштурганын кошумчалап: “Улуу жазуучунун досторунун жолугушуусунун жыйынтыгында ТҮРКПА жана Азербайжан Жазуучулар союзунун атынан Баку шаарындагы бир көчөгө Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу жана анын эстелигин орнотуу сунушу менен Президент Илхам Алиевге кайрылуу кабыл алынгандыгы абдан кубандырды”, – деди.

Эске салсак, 15-майда Азербайжандын борбору Баку шаарында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган “Чыңгыз Айтматовдун досторунун жолугушуусу” аталышындагы иш-чара өттү.

Пикир

Оставить комментарий