• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жакын арада Жалал-Абад шаарындагы тергөө абагынын курулушу башталат

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жакын арада Жалал-Абад шаарындагы жабык тергөө абагынын курулушу башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин алдында тиешелүү жол карта иштелип чыккан.

“Анын алкагында Бишкек, Каракол жана Жалал-Абаддагы тергөө абактарын шаардан сырткары чыгаруу боюнча иш-чаралар көрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Жалал-Абаддагы жабык тергөө абагын шаардын четинде куруу үчүн жер бөлүнгөн. Жакын арада анын курулушуна капсула салынат. Ошондой эле Бишкек, Каракол, Ош шаарларындагы тергөө абактары үчүн жер тилкелерин бөлүү иштери аткарылууда”, - дейт ал.

Юстиция министринин орун басары Кыргызстандагы 22 жабык тергөө абагы борбордук аппарат менен санарип системасы аркылуу кошулуп, видео көзөмөл системасы коюлганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий