• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда саат 19.00дө Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат алтыдан иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий