15-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 14-августта аба ырайы кесин өзгөрүп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын температурасы кескин төмөндөп: 14-15-августтарында Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9° ка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

15-августка караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27, Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 жана Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30 градуска жетет.

Бишкек шаарында эртең жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 12…14 градус, күндүз 24…26 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий