• 87.86
  • 93.94
  • 1

Билим берүү министри эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада коло медаль алган Нурсултан Кеңешбеков жана мектеп командалары арасындагы шахмат боюнча дүйнө чемпионатында (World Schools Team Championship) жеке эсепте алтын медаль алган Азиз Дегенбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министр балдарды дүйнөлүк аренадагы ийгиликтери менен куттуктап, 5 күн Ысык-Көлдө эс алып келүүгө жолдомо берип, китептерди тапшырды.

Мектеп командалары арасындагы шахмат боюнча дүйнө чемпионаты 3-7-августта Казакстандын Актау шаарында өтүп, 53 өлкөдөн 300дөн ашуун шахматчы катышкан.

Кыргызстандын атынан чемпионатка И.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясы автордук окуу-тарбия комплексинин төрт окуучудан турган командасы катышып, 43 команданын ичинен 9-орунду ээледи.

Дүйнө чемпионатында Азиз Дегенбаев жеке эсепте мүмкүн болгон сегиз упайдын сегизин тең топтоп, биринчи тактада алтын медалга ээ болду.

Ал эми Нурсултан Кеңешбеков 27-июлдан 9-августка чейин Чэнду (Кытай) шаарында өткөн XXXI Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада 5 миң метрге чуркап, коло медалга ээ болгон.

Универсиада оюндарына Кыргызстандын студенттик курама командасы спорттун 5 түрү: жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси, таэквондо жана ок атуу боюнча катышып келди.

Пикир

Оставить комментарий