• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте таштанды челектерин жана аянттарды дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды таштоочу урналарды жана аянттарды жууп тазалоодо, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунда Токтогул – Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде, Москва көчөсү менен Эркиндик бульварында, Тыныстанов көчөсүн бойлой №24 мектептин жанында, Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө, Сыдыков жана Т.Молдо көчөлөрүндө жууп тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Үч күндүн ичинде 70 контейнер жана 14 контейнер аянтчасы жуулуп, бул үчүн бир атайын техника жана 4 кызматкер тартылды.

Графикке ылайык, райондун бардык көчөлөрүндө дагы эки күн жууп-тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, тазалоо үчүн атайын раствор колдонулат, ал организм үчүн зыянсыз.

Пикир

Оставить комментарий