• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанга мамлекеттик ооруканалар үчүн сатып алынган дары-дармектердин алгачкы партиясы келди

Ден соолук 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Кыргызстанга мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын алгачкы партиясы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дары-дармектер "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан сатып алынууда.

"Бул үчүн 2023-жылдын 21-июнунда "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алуу үчүн 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2023-жылдын июль айынан тарта Саламаттык сактоо министрлигинин жогорку технологиялык фондунун жана борборлоштурулган иш-чараларынын алкагында саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди, ошондой эле бул фонддордон тышкаркы дары-дармектердин айрым позицияларынын биринчи сатып алуу иштери башталган.

Алсак, июль айында Улуттук фтизиатрия борборуна, Улуттук госпиталга, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, ошондой эле экинчи баскычтагы башка саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектер келип түшкөн.

2023-жылдын 14-августунда онкологиялык ооруларга каршы европалык өндүрүүчүлөрдөн 227 млн сомго жакын суммага химиотерапиялык дарылар өлкөгө келе баштады.

Мындан тышкары, өлкө неонаталдык скрининг үчүн, эрте аныктоо, өз убагында дарылоо, майыптуулуктун жана оор клиникалык кесепеттерди алдын алуу, ошондой эле тукум куума оорулардан балдардын өлүмүн азайтуу үчүн европалык өндүрүштөн алынган дарыларды алат.

Жеткирүү графигине ылайык, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жума сайын келүүсү күтүлүүдө.

Алсак, Жогорку технологиялар фондунун өтүнмөлөрүнүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларынын алкагында келишимдерди түзүү аяктоодо, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүү график боюнча жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган каражаттын жана түзүлгөн келишимдердин алкагында дары-дармек сатып алууда 250 млн сомго жакын каражат үнөмдөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий