• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

15-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.01.24. /Кабар/. Эртең, 15-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир аймактарында катуу жаан-чачын болушу ыктымалдыгын, Чүй, Талас облустарына туман түшөрүн билдирди.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+1, Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -4...+1, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7 жана Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндуз -3...-8 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын түнкү температурасы 0...5, күндүз 3...8 градуска жетет.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абнын темпетратурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий