Жалал-Абад электр тармактар ишканасында техникалык окуулар башталды

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. 8-январдан тартып Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын облустагы бардык район электр тармактарында жана компаниянын бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине техникалык окуулар өткөрүлүп жатат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, техникалык окууда коопсуздук плакаттарын кандай учурда пайдаланууну, электр орнотмолорун иштетип пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактоону, кокустан токко урунган адамга алгач кандай жардам көрсөтүү керек, өзү дагы кошо токко урунбашы үчүн эмнеден баштоо зарыл экендиги тууралуу маалымат берилүүдө.

Ошондой эле жумуш жүрүп жаткан жерде коопсуздук техникасын сактоого өзгөчө көңүл буруу керектиги, коопсуздук эрежелерге толуктоолор киргизилгени энергетиктердин иш-чараларын жүргүзүүдө ыңгайлуулуктар жаралып жатканы айтылды.

Жабыркаган адамга жасалма жол менен дем алдыруу, биринчи жардам көрсөтүү үчүн аны кооптуу жайдан 8 метр алыс аралыкта болушу керектиги белгиленди.

Кызматкерлер токко урунуп, жабыр тарткан адамга алгачкы жардам көрсөтүүнү тренажер-манекенди пайдалануу менен көрсөтүп беришти. Окутуу слайд, көрсөтмө куралдар, китептер менен жабдылган жана ар бир тема боюнча күнүгө график менен өтүлөт.

Түзүлгөн график боюнча январь айында башталган окутуу февраль айында жыйынтыкталат.

Айта кетсек, 2024-жылга план боюнча жалпы 650дөн ашуун кызматкерлер окуудан өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий