• 87
  • 90.43
  • 0.88

15-майга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Эртең, 15-майда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24, Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18…23 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21 градуска жетиши ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 градука чейин ысык болот.

Борбор калаабыз Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий