• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ПЧР-тесттер тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берилет – штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. ПЧР-тесттер тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Сатылып алынган жана гуманитардык линия боюнча келип жаткан бардык ПЧР-тесттер "Профилактикалык медицина" Илимий-өндүрүштүк бирикменин алдындагы аккредитациялык борбордо сапат көзөмөлүнөн өтүшөт. Тест-системалар жактырылгандан кийин гана максаты боюнча пайдаланылат. Лаборатордук тармакта колдонулуп, ар бир оң болуп чыккан жыйынтык Европа өлкөлөрүндө өндүрүлгөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан келген тест-системалардын жардамы менен кошумча тестирлөөдөн өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан билдиришкендей, тестирлөөнүн жыйынтыгы бир гана сапатынан эмес, ошондой эле материалды алуудан, инкубациянын мөөнөтүнөн, лабораторияга алып келүү мөөнөтүнөн жана башка көптөгөн факторлордон көз каранды болот.

"Ошондуктан оорулууларды, байланышкан адамдарды тестирлөөнүн алгоритмдери бир нече кайталанып алынган материалдарды жана тесттирлөөнү камтыйт. Жыйынтыгында, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясын жуктуруу учурларын аныктап, инфекциянын булактарын издөө чараларын көрөт", - деп билдирет штаб.

14-майга карата республикадагы саламаттыкты сактоо уюмдарында камдалган каражаттар:

- 1 млн 353 миң 274 беткап;

- 19 миң 97 коргоочу костюм;

- 86 миң 200 респиратор;

- 518 миң 127 бахила;

- 36 миң 427 көз айнек;

- 5 млн 987 миң 343 медициналык кол кап.

Пикир

Оставить комментарий