Бишкек, 14.10.18. /Кабар/. Эртең, 15-октябрда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,
Талас облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 7...12,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7,, күндүз 13...18,
Баткен облусунда 3...8, күндүз 13...18,
Нарын облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14.
Эртең Бшкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий