• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР аймагында жер титиреди, очогунда күчү 5,5 баллга жетти

Коом 0

Бишкек, 14.10.18. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Кыргызстандын аймагында жер титиреп, очогунда күчү 5,5 баллга жеткен. КР УИА Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 14-октябрда болжол менен саат 11:16лар чамасында катталган.

"Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашып, Заалай кырка тоосунда болгон", - деп айтылат маалыматта.

Жер титирөө Кара-Шыбак, Шибээ Жар-Бышы, Дароот-Коргон, Ачык-Суу айылдарында 4 баллга, Кара-Тейит, Кабык, Кашка-Суу, Сары-Моголдо 3 баллга, Талды-Суу, Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий