Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 08-13.10.2018

Аналитика 0

3,08 млрд. сомго турак жай. “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы боюнча 3 миң 474 үй-бүлө 3 миллиард 81 миллион сомго турак-жай менен камсыз болду.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматы боюнча, 2016-жылы 701 үй-бүлө 823 миллион сомго, 2017-жылы 1 миң 735 үй-бүлө 1 миллиард 861 миллион сомго, 2018-жылдын 9 айында 1 миң 38 үй бүлө 1 миллиард 12 миллион сомго турак-жай алышкан.

Дыйкандарга насыялар. Айылдык ишкерлерге 5 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилди.

Финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, “Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоорунун алкагында 11 миңден ашуун айылдык товар өндүрүүчүлөргө 5 миллиард 176 миллион 867,2 миң сомго жеңилдетилген насыя берилген.

Бөлүнгөн суммадан өсүмдүк өстүрүүгө 1 миллиард 279,1 миллион сом, мал чарбачылыкка 2 миллиард 780,8 миллион сом, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүгө 1 миллиард 116,9 миллион сом багытталган.

Кайтарылган карыздар. Республикалык бюджетке 2,4 млрд. сом суммасында карыз каражаттар кайтарылды.


Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарбакер субъекттерден карыз каражаттарды кайтаруунун көлөмү 2 млрд 410,97 млн сомду түздү, анын ичинде негизги карыз – 1 млрд 657,71 млн сом, пайыздар жана айыптар – 753,26 млн сом.

Чет жактан келген каражаттар. 1992-жылдан бери Кыргызстан жалпысынан 10 миллиард долларга насыя жана грант алган.

Финансы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, анын 72 пайызы насыя, 22 пайызы же 2 миллиард 777 миллион доллары грант.

“Негизги насыя берүүчүлөр Кытай, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Орусия. Каражаттын басымдуу бөлүгү - жол тармагына 25 пайыз, энергетикага 21 пайыз, бюджетти колдоого 27 пайыз, айыл-чарбасына 6 пайыз жана аз бөлүгү социалдык секторго кеткен”, - деди Касымалиев.

Курулуштагы бузуулар. Балыкчы-Корумду жолунун курулушунда аудитин жүрүшүндө 119 млн. сомго бузуулар катталгандыгы аныкталган.

“Жолдун курулушунун сметалык долбоорунда сульфатуруктуу цемент деп көрсөтүлгөн, бирок иш жүзүндө кадимки эле жөнөкөй цемент колдонулган”, - деп билдирди КР ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында КР Эсеп палатасынын төрагасы Улугбек Марипов.

Мурда КР Башкы прокуратурасы кылмыш жаза кодексинин 166, 304 жана 306 беренелерине ылайык кылмыш ишин козгогон.

Бекитилген долбоорлор. 1-октябрга карата Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду 283,5 миллион долларга 1 миң 566 долбоорду жактырды.

РКӨФнын маалыматы боюнча, анын 23,6 пайызы агро өнөр жай комплексине, 31,5 пайызы өндүрүш тармагына, 11,6 пайызы инфраструктураны өнүктүрүү тармагына кеткен.

Андан сырткары 12,5 пайыз транспорт жана логистикага, 12 пайыз туризм, башка чыгымдар, 6,7 пайыз банк лимиттерине, 1,7 пайыз IT жана байланышка, 0,5 пайыз финансылык ишмердүүлүккө кеткен.

Караколдо эң көп долбоор ишке ашкан – 330 долбоор. Экинчи орунда Бишкек турат – 299 долбоор. Ошто 283, Жалал-Абадда 199. Эң аз долбоорду фонд Талас облусунда каржылаган.

Өсүштү көрдүк. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2018-жылдын 9 айынын ичинде 368 млрд. сомду түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин адистеринин алдын ала баалоосу боюнча бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу анын 1,2 пайызга өскөнүнөн кабар берет.

“Кумтөр” алтын кенин эске албаганда ИДПнын 9 айдагы көлөмү 336 миллиард сомду түзүп, 2,4 пайызга өскөн.

Комитеттин эсептөөсү боюнча буга чейинки 8 ай ичинде республикада экономикалык көрсөткүчтөрдү түзүүдө терс тенденция байкалган. Бул оор өнөр жайдын өндүрүшүнүн чыгышынын көлөмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу болгон.

Эмненин айынан өсүүдө. 2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшүн чыгаруунун көлөмү 167 миллиард 981,6 миллион сомду түздү.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсеби боюнча былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу көрсөткүч 4,7 пайызга төмөндөгөн.

“2018-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү металл кендерин казып алуунун 65,9 пайызга кыскарганы менен, баалуу металлдарды өндүрүүнүн 8,9 пайызга төмөндөшү менен шартталган”, - деди Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев ведомстводо өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө.

“Кумтөр” алтын кенин эске албаганда алдын ала эсептер көрсөткөндөй, өндүрүштүн көлөмү 1,6 пайызга өскөн.

Турак жайга болгон баа. Бишкекте турак жайдын чарчы метрине болгон орточо баа сентябрь айында 779 АКШ долларын, ал эми Ошто – 462 АКШ долларын түзгөн.

Мамкатоо кызматы билдиргендей, 2018-жылдын башына салыштармалуу Бишкектеги батирлердин чарчы метрине болгон баа 1,19%га, Ошто – 2,66%га жогорулаган.

Эрежеге ылайык, жайкы эс алуулар убагында салтка айланып калгандай кыймылсыз мүлк базарында убактылуу тынч болуп калат. Бирок Бишкек жана Ош шаарларында кыймылсыз мүлк рыногунда абал бир кылка болуп турбайт.

KG мунайзаттары. Кыргызстандын өнөр жай секторунда кайра иштетилген мунайзаттын көлөмүнүн өсүү тенденциясы сакталууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөдө 11 миллиард 342 миллион 648 миң сомго мунайзат өндүрүшү чыгарылган.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында өсүүнүн көрсөткүчү 34,9 пайыз, 9 айда 28,7 пайызды түзгөн. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата өлкөдө аталган өндүрүш түрү менен негизинен 4 ишкана алектенет: “Кыргыз Петролиум Компани”, Жалал-Абаддагы, Кеминдеги жана Кара-Балтадагы мунайзатты кайра иштетүүчү ишканалар.

Кайда көбүрөөк пайда? Кыргызстанда январь-август айларына чейинки аралыкта мейманкана жана ресторан бизнесинде эмгектенгендердин айлык акысы азайгандыгы байкалган.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аталган тармактардагы айлык маянанын азаюу суммасы 8 айда 9,4% түзгөн. Төмөнкү тармактарда кирешенин өскөндүгү байкалган:

- Курулуш тармагында 16,2%га;

- Кызмат көрсөтүү тармагында 15,5%га;

- Маалымат жана байланыш тармагында 14,6%га;

- Мамлекеттик башкаруу, коргоо жана милдеттүү түрдө камсыздандыруу тармагында 12,4%га;

- Дүң жана чекене, автоунаа жана мотоциклдерди оңдоо тармагында 9,8%га;

- Кыймылсыз мүлк тармагында 9%га;

- Илим жана техника тармагында 8,9%га.

Чыгашалардын өсүүсү. Республикалык бюджеттин чыгымдары былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд. сомго көбөйдү.

КР финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен каржыланган чыгашалардын жалпы көлөмү 101 млрд 604,6 млн сомду түздү же такталган план (110 млрд 245,5 млн сом) 92,2 %га аткарылды. Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгымдары 2,3 %га же 2 млрд 298 млн сомго көбөйдү.

Кассалык пландын негизинде республикалык бюджеттен каржылоонун көлөмү 106 млрд 344,6 млн сомго жеткирилди (такталган план боюнча 110 млрд 245,5 млн сом болмок) же план 96,5 %га аткарылды.

ДБ менен иштөө. Кыргызстандын экономика министрлигинде министр Олег Панкратовдун Дүйнөлүк банктын микроэкономика, соода жана инвестиция маселелери боюнча глобалдык пррактикасынын менеджери Сандил Махаджан менен жолугушуусу болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, миссиянын негизги максаты – КРдагы макроэкономикалык процесстер, экономикалык реформалар жана стратегиялык документтер менен тааныштыруу, экономикалык башкаруу тармагындагы өнүктүрүү саясатын колдоо үчүн операциянын алкагындагы иштин жүрүшү тууралуу маалымдоо.

Жолугушууда Дүйнөлүк банк менен кызматташуу маселелери, Дүйнөлүк банк тарабынан техникалык жардам көрсөтүү үчүн сунуштар, экономикалык сектордогу акыркы тенденциялар, экономикадагы реформалар, мамлекеттик инвестициялардын сапатын жогорулатуу үчүн чаралар талкууланды.

Бажы тармагы. КР Мамлекеттик бажы кызматы жыл соңуна чейин бажы төлөмдөрүнөн планга коюлган 39 млрд. сомду 42 млрд. сомго жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Нурлан Ражабалиев “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында 2018-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын алдын ала жыйынтыгы тууралуу маселе талкууланып жаткен кезде билдирди.

Ражабалиев маалымдагандай, бажы кызматынын төлөмдөрдү жыйноо планы 30 млрд. 738 млн. сом болсо, иш жүзүндө 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 30 млрд. 838 млн. сом чогултулуп, болжолдонгон көрсөткүчкө салыштырмалуу 100 миң сомго көп болгон.

Аз чогултуулар. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында салыктык төлөмдөрдөн түшкөн каражат 57 млрд 479,7 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу “Республика – Ата-Журт” фракциясынын жыйынында Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, бул түшүрүүнүн болжолдонгон көрсөткүчүнө карата 101%ды түзөт.

“Республикалык бюджетке болжолдонгон 46 млрд 310 млн сомдун ордуна 46 млрд 485,8 млн сом түштү. Бул болжолдонгон көрсөткүчкө карата 104%ды түзөт. Жергиликтүү бюджетке салыктан түшкөн каражат 10 млрд 993,9 млн сом. Ал болсо болжолдонгон 11 млрд 105,5 млн сомдун ордуна түшүп, аткаруу көрсөткүчү 99% болду”,- дейт Т.Абжапаров.

КРнын мамкарызы тууралуу. 2018-жылдын 31-августуна карата өлкөнүн ички жана тышкы карызынын жалпы көлөмү 4 миллиард 395,02 миллион АКШ долларын түздү.

Финансы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, карыздын өлчөмү ички дүң продукцияга карата 56,4 пайызды түзөт. Анын ичинен 86,4 пайызы же 3 миллиард 797,38 миллион АКШ доллары мамлекеттин тышкы карызы болуп эсептелет.

Ошондой эле, мамлекеттин тышкы карызына байланыштуу жүргүзүлгөн акыркы аудиттик текшерүүлөрдө көйгөйлүү маселелер аныкталганын айткан Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: “Биринчиден мамлекеттик карызды эсепке алуу жана ага статистика жүргүзүү боюнча атайын бекитилген методология жок. Ага ылайык, сырткы карыздын көлөмүнө тиешелүү акыркы аудитте 637 млн. сом өлчөмүндө бурмалоо аныкталды”, – деп билдирди.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий