• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте 300дөн ашуун байкер катышкан мотожүрүш өттү — фоторепортаж

Коом 0


Бишкек, 27.04.24./Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын мотосезону ачылды. Иш-чара Бишкек шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген 300дөн ашуун байкер катышты.

Бул жылы мотосезондун ачылышы “Айкөл Манас. Күч бирдикте!” ураанынын алдында заманбап музыкалдык аранжировкадагы “Манас” эпосунан алынган үзүндүлөрдөн турган тректердин коштоосунда өттү.

Иш-чара Борбор Азия мотоциклисттеринин Ассоциациясынын мүчөсү Кыргызстан мотоциклисттер коомчулугу жана Бишкектин мотоклубдары тарабынан уюштурулган.

Мотосезондун ачылышы – мотомаданияттын жана сезондун эң маанилүү иш-чарасы болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий