• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Япония Кыргызстанга 1 млн доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. 28-октябрда Япония өкмөтү Кыргызстанга 1 млн доллар өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алганын Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, жардам кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Кыргызстандагы гуманитардык кырдаалдын курчушуна жооп катары көрсөтүлүүдө.

"Бул жардам аркылуу Япония өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы (БУУ КЖКБ) менен биргеликте тамак-аш, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар, коргоо жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий