• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМ кызматкерлерине “Окуя болгон жерди кароо методикасы” аттуу окуу курсу өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ИИМдин Ыкчам-криминалистикалык борборунун кызматкерлери ички иштер органдарынын инспектор-криминалисттерине “Окуя болгон жерди кароо методикасы” аталышындагы окуу курсун өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул курс үстүбүздөгү жылы 18-апрелден 3-майга чейин өткөрүлөт.

“Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ош облусунун жана Ош шаарынын ички иштер башкармылыгынын ыкчам-криминалистикалык бөлүкчөлөрүнүн кызматкерлеринин башын бириктерген бул окуу курсун КР ИИМдин Ыкчам-криминалистикалык борборунун башчысы, милициянын полковниги Канат Иманалиев, бөлүмчөнүн начальниги Русланбек Мамырбаев, инспектор криминалист Алтынбек Козубаевдер өтүшүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий