• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Үч шайлоо округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Жалпы 198 шайлоо участогу ачылды

Коом 0

Бишкек, 28.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде саат 08:00дө №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүү башталды.

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, депутаттарды шайлоодо үч шайлоо округу боюнча добуш берүү үчүн 198 шайлоо участкасы ачылды.

Добуш берүү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Жаныңызда КР жаранынын паспорту же "Түндүк" тиркемесинде цифралык документ болушу керек).

Акыркы тизмелерде шайлоочулардын жалпы саны 349 миң 798 болсо, анын ичинен:

  • №2 Баткен шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 379, эркектер 56 541, аялдар 55 838 же 50,31% жана 49,69%;
  • №7 Ош шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 125 386, эркектер 58 664, аялдар 66 722 же 46,79% жана 53,21%;
  • №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 033, эркектер 54 436, аялдар 57 597 же 48,59% жана 51,41%.

Шайлоочулардын тизмеси тууралуу маалыматты “Тизме” мамлекеттик порталынан көрүүгө болот; ошондой эле 1255 же 119 номуруна чалып же 119 номуруна SMS жөнөтүп, өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун дарегин биле аласыз.

Пикир

Оставить комментарий