• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ИИМ: Трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн 19,2 кг баңгизат алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.24./Кабар/. Баңгизаттарды аткезчилик менен ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ИИМ жана Жазадларды аткаруу кызматынын кызматкерлери биргеликте Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жолу менен "гашиш" баңгизатын ташуу жана андан ары сатуу максатында алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги тобунун кылмыштуу иштерине бөгөт койду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн өздүгү такталды. Алар 1980-жылы туулган Д.С. жана 1976-жылы туулган Д.Х. аттуу жарандар экендиги такталды.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү жалпы салмагы 19 кг 248 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты алынган.

Кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине камалышты.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий