• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келген жүзүм кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келген жүзүм кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Бажы кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы Арка-Маргун унаа жолунда Х.Б.А. атуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Мercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан 428 кутудагы жүзүм табылган. Жүктүн жалпы салмагы 2 миң 996 кг, баасы 239 миң 680 сомду түзгөн.

Жүктүн коштоочу документтери жок болгон. Бул факты боюнча айып салынып, 60 миң сом өндүрүлгөн, 29 миң 361 сом зыяндын орду толтурулган.

Ушундай эле аткезчилик жүктү ташып кирүү фактысы Арка-Маргун автожолунда Т.М.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Мercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда аныкталган.

Унаадан жалпы салмагы 1 миң 551 кг, наркы 239 миң 680 сомду түзгөн 251 куту жүзүм табылган. Факт боюнча 30 миң сом айып өндүрүлүп, 15 миң 203 сом зыяндын орду толтурулган.

Мындан тышкары, 245 даана кутучада аткезчилик жүзүм М.А.З. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Мercedes-Benz үлгүсүндөгү унаадан аныкталган.

Товардын жалпы салмагы 1 миң 470 кг, баасы 117 миң 600 сомду түзгөн. Бул факты боюнча айып салынып, 30 миң сом өндүрүлүп, 14 миң 408 сом зыяндын орду толтурулган.

Пикир

Оставить комментарий