• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көл: "Кумтөргө" ишке орноштурам деп адамдардан акча алып, качып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип, жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, февраль айынын башында Каракол шаардык милициясына Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын үч тургуну арыз менен кайрылып, 2019-жылы “Нурлан” аттуу жаран “Кумтөр” ишканасына жумушка орноштуруп берем деп акча каражаттарын алып, бүгүнкү күнгө чейин жумушка да орноштурбай, акча каражаттарын да кайтарбай жатканын билдиришкен. Жалпы материалдык чыгым 365 миң сомду түзгөн.

Аталган арыздар Каракол шаардык милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шаардык милициянын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Ш.Н. болуп чыкты жана алгачкы жүргүзүлгөн суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Андан кийинки жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран дагы алдамчылыктын 9 учуруна катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бардык аныкталган учурлар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата бир айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий