• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Отуруштан соң жаш кызды өлтүрүп коюшкан. Кылмыштын чоо-жайы

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.11.17. /Кабар/. Бишкектин борборунда жаш кызды зордуктап, өлтүрүп кетишкен. Ленин райондук ИИБдин маалыматы боюнча кылмышка анын тааныштары шектелүүдө.

Милиция билдиргендей, 2017-жылдын 28-октябрында саат 16:00 чамасында Ленин РИИБге Киев-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринин жанынан белгисиз аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине келген Ленин РИИБдин тергөө-ыкчам тобу кыздын денесин текшерүүдө ар түрдүү залал келтирүүлөрдү аныкташкан.

Маалымдалгандай, кылмышка шектүү 23 жана 24 жаштагы эки жигит кармалышты.

Кармалгандардын бири ал өзүнүн Дима аттуу чала таанышы менен кызды зордуктап, андан соң өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кетишкенин мойнуна алып көрсөтмө берди.

Бул факт боюнча КР КК 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен шектүүлөргө карата №1 СИЗОдо 2 айга камакка алуу чарасы кабыл алынды. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий