• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 21,8%га азайды

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда быйылкы жылдын тогуз айында 4 миң 972 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилинде 5 миң 426 жол кырсыгы катталган.

“Ошентип, быйыл жол кырсыктарынын саны 8,3%га азайган. Ал эми өткөн жылы жол кырсыгынын кесепетинен 610 адам каза болсо, быйыл 477 адам каза болуп, каза болгондордун саны 21,8%га азайган. Ошондой эле быйыл жол кырсыгынан 7 миң 888 адам жабыркаса, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 8 миң 301 адам жабыркаган. Бул жабырлануучулардын саны 4,9%га азайганынан кабар берет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий