• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өткөн "Мекендештер" форумуна дүйнөнүн 170 өлкөсүнөн 200 кыргызстандык катышты

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте өткөн "Мекендештер - 2023" форумуна дүйнөнүн 170 өлкөсүнөн 200 кыргызстандык катышты. Бул тууралуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ал маалымдагандай, форумдун иши жемиштүү болду жана бугүн жыйындын жүрүшүндө сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу сөз болот.

Эске сала кетсек, "Мекендештер - 2023" форуму өлкө аймактарындагы социалдык, инфраструктуралык, IT, экономикалык жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна мекендештердин потенциалын тартуу, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мекендеш инвесторлордун өз ара аракеттенүүсүн түзүү максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий