• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда "Манас" эпосунун күнүнө карата бир катар мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өтөт

Маданият 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. 4-декабрь - "Манас" эпосунун күнүнө карата өлкө аймагында бир катар мамлекеттик дэңгээлдеги иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Манас" Кыргыз мамлекеттик театрынын директору Азиз Биймурза уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чаралар Улуттук илимдер академиясы, КР президентине караштуу "Мурас" фондусу жана Эл аралык Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен биргеликте уюштурулууда.

"Ошентип, 20-ноябрдан тарта "Манас" эпосунун күнүн утурлай манас айтуу күндөрү уланып, "Манас" темасына арналган бир катар китептердин бет ачарлары, эпостогу философия, Манас баатырдын тарыхый каарман болгондогусу жана башкалар боюнча илимий-практикалык конференциялар өтөт.

Ошондой эле 21-ноябрда Каракөл шаарында манас айтуу боюнча эл аралык сынак өтүп, ага Өзбекстан, Кытай, Түркия жана Казакстандан манасчылар катышат", - деди ал.

Биймурза уулу кошумчалагандай, 3-декабрда "Манас" театрында республиканын аймагындагы 30 жашка чейинки 100гө жакын жаш манасчылар 12 саат бою манас айтышат.

"Ал эми 4-декабрда "Манас" эпосунун күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында башталып расмий башталып, андан кийин Жогорку Кеңеште уланып, кечинде А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында айтыш менен жыйынтыкталмакчы", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий