• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Берлин шаарында Мирлан Абдыкалыковдун “Cүтак” тасмасы көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Берлин шаарындагы кинотеатрларынын биринде Мирлан Абдыкалыковдун “Cүтак” тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Кыргызстан менен Германия ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын элчилиги Германиянын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте көрсөтүлдү.

Тасманы көрсөтүү иш-чарасына Германия ТИМинин, министрликтеринин жана ведомстволорунун, Германиянын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү, Берлин шаарынын тургундары, немис басма сөздɵрүнүн жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

"Кыргызстандын эң кооз жерлеринин биринде тартылган жана көчмөндөрдүн үй-бүлөсүнүн күнүмдүк окуясын жана турмуш-тиричилигин чагылдырган “Сүтак” тасмасы германиялыктарга кыргыз көчмөндөрүнүн маданияты, ошондой эле Кыргызстандын ажайып жаратылышы жөнүндө жакшы таасир калтырды. Кыргыздын улуттук тамак-ашынан даам татуу учурунда кеченин коноктору достук маанайда ɵз ара баарлашып, тасма, кыргыз элинин маданияты, каада-салты, Кыргызстандын кооз жаратылышы тууралуу өз ойлорун бөлүшө алышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай кечелер Кыргызстан тууралуу маалыматты немец жергесинде мындан ары да кеңири жайылтууга жана немец туристтерин Кыргызстанга тартууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий