• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкекте Todes эл аралык балет театры Attention спектаклин тартуулады — фоторепортаж

Маданият 0

Бишкек, 03.04.24./Кабар/. Бишкекте белгилүү орусиялык хореограф Алла Духова жетектеген Тоdes эл аралык балет театры Attention аталышындагы жаңы спектаклди кыргыз көрүүчүлөргө тартуулады.

Иш-чара күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана бий өнөрүн сүйгөн күйөрмандар катышты.

Тоdes бий театры 2014-жылы ачылган. Аталган театр заманбап көрүүчүнүн профессионалдык балет кандай болушу мүмкүн деген көз-карашты калыптандырып, коомчулуктун оюн өзгөрткөн.

Классика, элдик, эстрада, Jazz Modern, стрип-пластика, көркөм гимнастика, хип-хоп, брейк-данс ж.б. бир нече бий жанрын камтыган уникалдуу театр Алла Духованын көп жылдык талыкпаган эмгегинин натыйжасын берип, эл аралык аренада өз ордун тапкан.

Учурда Маданият министрлиги Тоdes эл аралык балет театры сыяктуу бий труппасын ачууну көздөп, атайын кастинг жарыялаган.

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында түзүлө турган бий труппасына кастинг 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында өтөт.

Тандоо комиссиясынын башында Алла Духова турат.

Ал атайын Москвадан Бишкекке балет труппага улан-кыздарды кастингден өткөрүү үчүн келди.

Пикир

Оставить комментарий