• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Елабугадагы учкучсуз аппараттын кол салуусунан жаракат алган кыргызстандыктын абалы айтылды

Коом 0

Бишкек, 03.04.24./Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Елабуга шаарында (Татарстан) жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын кол салуусунан улам жаракат алган 17 жаштагы И.А.Б. аттуу КР жаранынын абалынан кабар алышты.

КР ТИМдин маалыматына караганда, жабыркаган жаран жеңил жаракат алып, дарылануу үчүн Казань шаарынын балдар ооруканасына которулууда.

Бул маселе министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий