• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда 1 миң орундуу балдарды реабилитациялоо борбору курулат

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң орундуу балдарды реабилитациялоо борбору курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда долбоорду иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө. Бирок борбор өлкөнүн кайсы аймагына салынарын ачыктаган жок.

"Бүгүн "Келечек" балдарды реабилитациялоо борборунда дарыланып жаткан бөбөктөрдүн абалып сурап келдик. Аталган борбор туура 1 жыл мурда Бакиевдердин үйүнүн ордуна курулган. Учурда өлкөнүн ар бурчунан келген муктаждарга кызмат кылууда. Президент дагы 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун куруу боюнча тапшырма берди. Жыл сайын президенттик балатыга чиновниктердин балдарына да орун берилчү экен. Президентибиздин демилгеси менен орундар эми мүмкүнчүлүгү чектелген жана ар дайым колдоо менен көңүлгө ала жүрө турган бөбөктөргө гана бериле турган болду", - деди Туманбаев.


Маалымат үчүн: "Келечек" балдар реабилитациялык борбору 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар үчүн акысыз комплекстүү реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.

Реабилитациялык борбордун түзүмү стационардык жана күндүз болуу режиминен түзүлөт. Анын базасында төмөндөгүдөй бөлүмдөр бар:

  • консультативдик-диагностикалык бөлүм;
  • медициналык-социалдык реабилитациялоо бөлүмү (физиотерапиялык дарылоо, парафин-озокерит терапиясы, дарылоо массажы, стоматологиялык дарылоо, ДФК);
  • психологиялык-педагогикалык реабилитация бөлүмү (логопедиялык жана дефектологиялык коррекция, психотерапия, колдун манжаларынын тактилдик стимулдаштыруучу массажы, майда моториканы өнүктүрүү, предметтик оюндар, Компьютердик оюндар, эрготерапия, агротерапия, арттерапия, музыкотерапия, сенсордук бөлмөнү колдонуу жана башка);
  • административдик башкаруу бөлүмү.

Кабыл алуу МСЭКтин же майыптыгы бар бала жашаган жердеги жалпы дарыгердик практика борборлорунун дарыгерлеринин сунуштамасына ылайык райондук, шаардык жана райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармаларынын жолдомосу боюнча (реабилитациялык борбордун жетекчилиги менен макулдашуу боюнча) жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий