• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга жергиликтүү тургундардын бири үйүндө мыйзамсыз курал-жарак сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге каттоого алынып, ыкчам издөө-иш-аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз курал сактаган жаран 1991-жылы туулган А.Б. экени аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук сотуннун чечими менен шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзулгөн. Тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталып 16-калибрдеги кош ооз мылтык, ТОЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана 22 даана 5,6 калибрдеги ок-дарылар табылып, соттук-баллистикалык экспертизага жиберилген. Анын жыйынтыгында куралдар жана ок-дарылар атууга жарактуу экени көрсөтүлгөн.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий