• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эмгек министрлиги дүйнө жүзү боюнча кыргызстандыктардын 198 диаспорасы менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги дүйнө жүзү боюнча кыргызстандыктардын 198 диаспорасы менен кызматташат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен КМШ өлкөлөрүндө 135 бирикме бар, тактап айтканда – Россияда - 124, Казакстанда - 7, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Украинада бирден.

Ошондой эле Эмгек министрлиги Европадагы мекендештердин 37 уюму (Италия, Улуу Британия, Германия, Австрия, Чехия, Франция, Бельгия, Словакия жана башка өлкөлөр) менен кызматташат.

Түркия, Түштүк Корея, Канада, АКШдагы кыргызстандыктардын диаспоралары менен тыгыз байланыш түзүлдү. Ошондой эле Египет, Япония жана Малайзиядагы уюмдар менен иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий