• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын октябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтеринин индекси 0,9 пайызга жогорулады.

2023-жылдын октябрында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (7,9 пайызга) Казакстан Республикасында катталды, мында азык-түлүк товарларынын баалары (6,8 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери (9,6 пайызга) эң көп өстү. Ошол эле убакта Кыргыз Республикасында азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын эң көп өсүшү (11,1 пайызга) катталды.

Пикир

Оставить комментарий