Бишкек, 15.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. 16:00гө карата республика боюнча Кыргызстандын президентин шайлоодо 35,8% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча 39,1%, Ош шаары боюнча – 49,4%, Чүй облусу - 32,7%, Ысык-Көл облусу – 34,3%, Нарын – 37,4%,Талас – 41,1%, Ош облусу – 36,6%, Жалал-Абад – 29,8% жана Баткен облусу – 34,7% добшу берген. ТИМ боюнча 3 миң 383 адам же 18,2% добуш беришкен.
Саат 16:00гө карата добуш берүүгө катышуу 35,8%ды түзөт.
Пикир
Оставить комментарий