• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

16-декабрда ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылат

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. 16-декабрда ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп баштаган көп кабаттуу үйлөр арты-артынан бүтүп, колдонууга берилет. Учурда өлкө аймагы боюнча 40 миңден ашык батирлүү үйлөр курулууда. Алардын баасы жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу эки эсеге жакын арзан.

“Мамлекет үйгө муктаждарды турак жай менен камсыз кылуу программасын ийгиликтүү ишке ашырып баштады. Мындан ары ипотекалык компаниянын мүмкүнчүлүгү кеңейип, курулуштун саны дагы көбөйөт. Мурда ипотекалык компания банктардан пайызы жогору кредит аркылуу сатып алган үйлөрдү каржылап берчү. Анда сатып алган үйдүн наркы менен насыянын пайызы кошулуп баасы эки эсе кымбатка түшчү. Президент Садыр Жапаров ипотекалык компаниянын саясатын толугу менен өзгөрттү. Элибиз сабыр кылып турса, алдынкы убактарда турак жайга болгон муктаждык чечилип кете берет”, - деди ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо иштеринин башталганына 1,5 жыл гана болгонун, кыска убакытта көлөмдүү жумуштар жасалгандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий