• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

16нан 22-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 16нан 22-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 16-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда,Чуй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунункээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

17-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

19-ноябрда жана 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгил менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 22-ноябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий