• 88.68
  • 95
  • 0.95

2019-жылы жалпы мамлекеттик чыгымдын 61% социалдык секторго багытталат - премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. «2019-жылы жалпы мамлекеттик чыгымдын 61% социалдык секторго багытталат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө.

Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, өлкөдө бүгүнкү күндө пенсионерлердин жалпы саны – 647,2 миң. Аларды каржылоого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан – 50,3 млрд сом каражат жумшалат.

«Ошондой эле 372,6 миң жаран 10 млрд сомдун тегерегинде мамлекеттик жөлөкпулдарды алат. Мындан тышкары 330 миңдин айланасындагы адам бюджеттик чөйрөдө эмгектенет. Аларга 87 млрд сом жумшалат. Эмгекке жарамсыз курактагылар, анын ичинде балдар, карылар бар, 700 миңден ашуун мекендештерибиз миграцияда жүрөт. Ошентип өлкөдө салык төлөөчүлөрдүн саны 914 миң адамды түзөт», - деп маалымдады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий