• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товар, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартиби жөнүндө Жобо бекитилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган Жобо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салган башка чемендик укуктук актылардын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан жана Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун (мындан ары – Электрондук каталог) тартибин жөнгө салат.

Электрондук каталог – берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) учурдагы актуалдуу бааларын көрсөтүп сунуштаган товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын тизмеси. Электрондук каталогду сатып алуучу уюмдар жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен же тикелей келишим түзүү ыкмасы менен мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө колдоно алат.

Электрондук каталог Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын интеграцияланган бөлүгү болот.

Электрондук каталогду колдонуу сатып алуучу уюмдарга төмөнкүдөй пайдаларды алууга мүмкүндүк берет:

1) каталогко киргизилген даяр стандарттык өзгөчөлүктөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө;

2) жөнөкөлөтүлгөн ыкмада берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациясын текшерүүнү колдонуу баалоо жүргүзүүгө убакттын кыскарышынын эсебинен сатып алуу жол-жоболорунун мөөнөтүн азайтууга мүмкүндүк берет;

3) электрондук каталогго киргизилген берүүчүлөргө (подрядчыларга) суроо-талапты тикелей жөнөтүүнүн эсебинен атаандыктын кыйла жогорку деӊгээлин камсыздоого;

4) тикелей келишим түзүү ыкмасын колдонууда электрондук каталог бааларга мониторинг жүргүзүүгө жана сатып алууларды жүргүзүү учурунда актуалдуу бааны алууга мүмкүндүк берет.

Берүүчүлөр (подрядчы) үчүн электрондук каталогду колдонуу төмөнкү пайданы алууга мүмкүндүк берет:

1) жөнөкөйлөтүлгөн ыкмада сатып алуулардын жол-жоболорунда убакытты кыскартуу (негизги квалификациялык документтер ар бир сатып алууда берилбейт, квалификацияны текшерүү учурунда бир жолу гана берилет);

2) порталда кулактандырууну издөө зарылдыгы жок болгондо, порталда катталган берүүчүлөр (подрядчылар) сатып алуучу уюмдардан суроо-талапты автоматтык түрдө алат;

3) берүүчү (подрядчы) тарабынан жеткирилүүчү же өндүрүлүүчү кошумча продукцияларды каталогго кошуу мүмкүнчүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий