Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Эртең, 17-октябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 0...5,
Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-2, күндүз 4...9,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,
Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын темпуратурасы түнкүсүн -1...-3, күндүз 1...3 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий