18-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 18-июнга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29...+34, Талас облусунда +26...+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +31...+36, Баткен облусунда +30...+35, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын облусунда +22...+27 градус болот.

Ал эми жана Бишкек шаарында абанын температурасы +31...+33 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий