Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34
Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,
Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35,
Нарын облусунда түнкүсүн 6...12, күндүз 22...27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...12, күндүз 22...27,
Бүгүн Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий