• 87
  • 91.29
  • 0.84

18-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 18-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Талас облусунда +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарын облусунда +2...+7 градус болот.

Ал эми, Бишкек шаарында абанын температурасы +12...+14 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий