• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда суюк азот чыгаруучу завод ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Элита" Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча мамлекеттик асыл тукум станциясында суюк азот чыгаруучу заводу ачылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага министрдин орун басары И.Марсбек уулу, министрликтин тиешелүү өкүлдөрү, ветеринарлар катышты.

Завод мал чарбасын асылдандырууга, сандан сапатка өткөрүүгө жакшы шарт түзөт. Министрлик сырттан эт, сүт багытында букаларды жана кочкорлорду сатып келип уруктарын республиканын аймактарына жайылтууну пландоодо. Мындан сырткары таза кандуу кыргыз жылкысын көбөйтүүнү колго алат.

"Элита" станциясындагы суюк азот чыгаруучу заводу Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарын камсыздай алат. Мындай заводду Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айылына да куруу иштери башталды.

Кошумча маалымат: Бул завод 1 саатта 20 л суюк азотун бөлүп чыгарат. Күнүнө 400 литрден ашык суюк азот иштеп чыгат. Суюк азоту жасалма жол менен уруктандыруу ыкмасына пайдаланылат. Мындайча айтканда, суюк азот бука, кочкор жана башка малдардын уруктугун сактап берет. Суюк азот температураны - 176 градустан -196 градуска чейин кармайт.

Пикир

Оставить комментарий