• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

19-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун дыйканчылык аймктарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21...+26, Талас облусунда +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл менен Нарын облустарында +14...+18 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы+24...+26 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий